БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кытай Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турганын расмий түрдө билдирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) катчылыгы кабарлады.
Тиешелүү кат Кытай эл республикасынын Башкы спорт башкармалыгы тарабынан катчылыкка жөнөтүлгөн.
"Экинчи дүйнөлүк көчмөн оюндарына биз тараптан 59 адамдан турган спорт делегациясы жөнөтүлөт. Алар спорттун 8 түрү боюнча мелдештерге катышат", — деп айтылат Кытай жиберген катта.
Ошондой эле алар этникалык спорттун эки түрү: кытай жана монгол күрөштөрү боюнча көрсөтмө оюндарын өткөрүүнү пландаштырууда.
Учурда көчмөндөр оюндарына катыша турган мамлекеттердин саны 19га жетти.
Эскерте кетсек, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунда 3-8-сентябрь күндөрү өтөт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.