БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын август айынан тарта жарандар катталган жерине карабастан, учурда кайсы жерде жашаса ошол жерден паспорт алуу үчүн документтерин тапшыра алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда 15-августтан тарта Бишкек шаары менен Баткен, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы паспорт, виза жана каттоо кызматтарын көрсөткөн бөлүмдөр жарандардын катталган жерине карабастан паспорт алууга багытталган документтерди кабыл ала баштайт.
"Мисалы Нарындын Жумгал районунда катталган жаран Чүй облусунун Кемин районунда жашап жаткан болсо, паспорт алуу үчүн документтерин Кемин районунда эле тапшыра алат. Бул убакыт менен каражатты үнөмдөйт. Ал эми учурдагы талаптар боюнча паспорт алуу үчүн жарандар катталган жерине барып же аймактар аралык каттоо бөлүмдөрүнө документтерин тапшырууга мажбур", — деп айтылат маалыматта.
Мындай система Ош, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында сентябрь айынын орто ченинде ишке кирет.