БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Чүй облусунун айрым бөлүктөрүндө газ өчүрүлө тургандыгын "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда 27-июль күнү эртең менен саат 10.00дөн 16.00гө чейин Сокулук айылында газ берүү токтотулса, 1-августтан 31-августка чейин Кара-Балта шаарында өчүрүлөт.
"Газпром Кыргызстан" ишканасы бул оңдоп-түзөө иштеринен улам болуп жаткандыгын билдирди.