БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Белгисиз жаран Берлиндеги университеттик клиниканы аткылагандыгы тууралуу Bild басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.
Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келгенин басылмага күч структурасынын өкүлү билдирген.
"Берлиндин Штерглиц аймагындагы ооруканада атышуу болду. Жарандарды барымтага алуу фактысы катталган жок. Кесиптештер окуя болгон жерге жөнөп кетишти", — деп айтты маектеш.
Буга чейин дүйшөмбүгө караган түнү Ансбах шаарында өтүп жаткан музыкалык фестиваль учурунда жардыруу болгон. Анын натыйжасында 12 адам жабыркап, бир адам каза тапкан.
Бавария ИИМ башчысы буга чейин Ансбахтагы жардырууну качкын статусун ала албай койгон 27 жаштагы сириялык жаран ишке ашырганын жар салган. Ал эми күч түзүмдөрү окуяны — теракт, маркумду — экстремист деп атоодон этияттап турушкан.