БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын кызматкерлери Дагестанда өтүүчү илимий конференцияга катышат. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, Дагестандын борбору Махачкала шаарында 1-2-август күндөрү Эл аралык илимий-практикалык, теологиялык конференция өтөт.
Эл аралык илимий-практикалык, теологиялык конференцияга КМШ өлкөлөрүнөн илимпоздору, мамлекеттик кызматкерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Конференция эки бөлүктөн туруп, дин жаатындагы көйгөйлөр жана руханий мурастарды калыбына келтирүү жолдору талкууланат.