БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Нарын облусундагы Миң-Куш менен Жалал-Абаддагы Шекафтар айылындагы уулуу заттар катылган жерлерди 2017-жылдан тарта кайра көмүү иштери башталат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргызстандын аймагындагы уулуу заттарды сактоочу аймактардагы экологиялык абалды калыбына келтирүү жана радиациялык коркунучтуу азайтуу боюнча маселелерге токтолушту.
МакКейн радиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.
"Учурда Европа биримдигинин алкагында Миң-Куш жана Шекафтар айылдарындагы уулуу зат сакталган аймактардын айлана чөйрөгө тийгизген таасири жана анын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери жасалууда. Андыктан 2017-жылдын ортосунан тарта аталган аймактарда рекультивация иштери башталат", — деп айтылат маалыматта.
Борбор Азиянын айлана-чөйрөсүн калыбына келтирүү боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү фонду Европа биримдигинин жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын демилгеси менен 2015-жылы май айында түзүлгөн. Бүгүнкү күнү Европа биримдиги аталган фондго 16,5 миллион евро бөлгөн.