БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) жаштар камералык оркестры Англиянын Оксфорд шаарында өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандан өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.
![Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) жаштар камералык оркестры Англиянын Оксфорд шаарында өз өнөрлөрүн тартуулашты Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) жаштар камералык оркестры Англиянын Оксфорд шаарында өз өнөрлөрүн тартуулашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102818/51/1028185122_0:0:1620:1080_600x0_80_0_0_37ad38162d7cba513541d217981f75c9.jpg)
![Кулуевдин айтымында, концерт мындан 350 жыл мурда курулган атактуу Шелдониан театрында өткөн Кулуевдин айтымында, концерт мындан 350 жыл мурда курулган атактуу Шелдониан театрында өткөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102818/51/1028185196_0:63:1617:1080_600x0_80_0_0_7d03df497a6d79388fa0c88738c49eaa.jpg)
![ТҮРКСОЙдун жаштар камералык оркестрынын катарында Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Россиянын музканттары бар. ТҮРКСОЙдун жаштар камералык оркестрынын катарында Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Россиянын музканттары бар. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102818/52/1028185269_0:59:1623:1080_600x0_80_0_0_c3c84de952c1fa741660534665503d93.jpg)
Кулуевдин айтымында, концерт мындан 350 жыл мурда курулган атактуу Шелдониан театрында өткөн. Бул жерде жыл сайын Оксфорд университетин аяктагандарга дипломдор тапшырылат.
ТҮРКСОЙдун жаштар камералык оркестрынын катарында Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Россиянын музканттары бар. Дирижерлору — Анвар Акбаров (Казакстан) менен Мустафа Мехмандаров (Азербайжан).
Бул жолку концерт Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган.
Кыргызстандын атынан Уулжан Таалайбекова, Аккыз Ыдырысова, Талантбек Молдоканов, Мирлан Уланбек уулу, Ширин Ташыбаева жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери катышкан.