БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев коррупция менен аёосуз күрөшүү зарылдыгын белгилегенин президенттин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн Атамбаев УКМК коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алды.
Жолугушууда президент мамлекеттик бийлик жана башкаруу системасында коррупция менен күрөшүү боюнча мындан аркы пландар тууралуу маалымат укту.
Исраилов коррупцияга каршы турууда алдын алуу иштерине өзгөчө көӊүл бөлүнүп жатканына токтолду.