БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Саадат Асылбекова аттуу 16 жашар кыз "Бикини сулуусу — 2016" наамын жеңип алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына уюштуруучу Амина Юсурова билдирди.
![Саадат Асылбекова аттуу 16 жашар кыз Бикини сулуусу — 2016 наамын жеңип алды Саадат Асылбекова аттуу 16 жашар кыз Бикини сулуусу — 2016 наамын жеңип алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102823/09/1028230938_0:235:6015:4016_600x0_80_0_0_55e7ff67512620d38540bd43c8844959.jpg)
![Кыздар арасында өткөн таймаш кечээ болуп өттү. Ага 16 жаштан 28 жашка чейинки сулуулар катышка Кыздар арасында өткөн таймаш кечээ болуп өттү. Ага 16 жаштан 28 жашка чейинки сулуулар катышка - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102823/13/1028231326_0:0:2499:1571_600x0_80_0_0_f94fe607b62c49a1bc004f7037f30d30.jpg)
![Сынак учурунда катышуучулар бийчилик өнөрлөрүн көрсөтүү менен шаан-шөкөткө арналган көйнөк жана бикини кийип чыгышкан. Сынак учурунда катышуучулар бийчилик өнөрлөрүн көрсөтүү менен шаан-шөкөткө арналган көйнөк жана бикини кийип чыгышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102823/14/1028231444_0:431:1968:1668_600x0_80_0_0_44a6b5c48281f39713518eaaca195406.jpg)
Кыздар арасында өткөн таймаш кечээ болуп өттү. Ага 16 жаштан 28 жашка чейинки сулуулар катышкан.
Сынак учурунда катышуучулар бийчилик өнөрлөрүн көрсөтүү менен шаан-шөкөткө арналган көйнөк жана бикини кийип чыгышкан.
"Кыздарды тандоо сынагы бир айга созулду. Өлкөдө жарандардын көпчүлүгү эле мындай сынактарга терс пикирде. Менин жеке студиям бар. Кыздардын ата-энелери мага ишенет. Талаптар абдан катуу болду. Катышуучуларды эл аралык нормаларга ылайык тандадык. Кыздардын бойлору 174 сантиметрден жогору", — деп билдирди Юсурова.
Жеңүүчү кыз "Бикини сулуусу" Universal эл аралык сынагына катышат. Юсурова аталган сынак сентябрь айында Кытайда өтө тургандыгын кошумчалады.