БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Улуттук хирургия борбору стерилизация үчүн колдонулуучу аппаратты сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда аталган жабдык 8 миллион 900 миң сомго бааланган. Көрсөтүлгөн каражат бардык кошумча нарк салыктарын кошуу менен эсептелген.
Тендер 29-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 22-августунда аяктайт.