БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын 17 кызматкери кыргыз тили боюнча окуудан ийгиликтүү өтүп, сертификаттарга ээ болгонун мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
"2015-жылдын декабрь айынан тарта Салык кызматынын кызматкерлери акысыз курстарга катышып, кыргыз тили боюнча билимдерин тереңдетип келишет. Окутууда "Кыргызтест" системасы менен түзүлгөн А1, А2, В1, жана В2 деңгээлиндеги китептер колдонулат", — деп айтылат маалыматта.
Мындай окутуулар Бириккен Улуттар Уюму менен Улуттук тил комиссиясынын иштеп чыккан долбоорунун негизинде ишке ашкан.