БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнө велосипед үчүн жол салынып жатканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык бул жол "Ачык шаар мүмкүнчүлүктөрү" программасынын алкагында ишке ашып жатат.
"Шаарда жарандар үчүн жолдо жүрүүнүн альтернативалык ыкмасы бышып жетилген. Алардын бирөө велосипед болуп саналат. Аны тебүү шаардыктардын убактысын жана акчасын үнөмдөйт", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Жукеев-Пудовкин – Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөрүнүн чегинде айланма велосипед жолун салууна баштады. Анын узундугу 1,5 чакырым болуп, туурасы 3 метрге жетет.
Курулуш иштери август айынын аягына чейин уланат.