БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өзбекстандын аймагында жайгашкан аба чубалгысы чыгарылып, Кыргызстандын аймагына жаңысы курулду.
Маалыматка ылайык, буга чейин Ала-Бука районундагы "Шекафтар — Ажек — Кыргызстан" аба чубалгысынын төрт чакырымы коңшу өлкөнүн аймагы аркылуу өтүп, тейлөө иштерине тоскоолдук жаратып келген.
"Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун 2016-жылга коюлган иш планынын негизинде 5,5 чакырым аба чубалгысы Кыргызстандын аймагында курулуп ишке берилди. Ага 14,6 миллион сом акча бөлүнгөн.