БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Балдар арасында кургак учукту алдын алуу жана аны өз убагында дарылоонун жаңы ыкмалары менен 104 медицина адиси таанышып, билимин жогорулатты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
USAIDдин "Кургак учукту жеңебиз" программасынын адиси Нургүл Асанкадырованын айтымында, медицина адистери бул жолу кургак учуктун алдын алуу боюнча заманбап ыкмалары менен таанышкан.
"Окуу учурунда кургак учук дартын аныктоодо жаңы ыкмаларды колдонууга жана амбулатордук дарылоого көп көңүл бурдук", — деди Асанкадырова.
Азыркы тапта өлкө арасында жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учуктун көп кездешүүсү кооптондурат. Былтыр 100 миң балага 28 бейтап туура келсе, ал эми өспүрүмдөр арасында 79 кургак учукка кабылган фактылар аныкталган.