БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Импорттолгон товарларга болгон салык төлөмдөр өзгөрөт. Салык жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2016-жылдын 23-июнунда кабыл алган.
Ага ылайык, импорттолгон товарларга контролдук баалардын минималдык деӊгээли киргизилип, аларды бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик белгиленет.
Мыйзам расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.