БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкек Тез жардам станциясынын жамааты шаардык кеңештин депутаттарына жана мэрияга кызматкерлердин айлыгын көтөрүп бергени үчүн ыраазычылык билдиришүүдө. Бул тууралуу аталган станция кабарлады.
Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап аталган станция кызматкерлеринин маянасы 2500 сомдон 4000 сомго чейин жогорулады. Дарыгерлер ушу тапта айлык акыларын алышты.
"Шаардык кеңештин депутаттарына, мэр Албек Ибраимовго, өзгөчө социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айгүл Рыскуловага чексиз алкыш", — деп айтылат билдирүүдө.
Кызматкерлер алар үчүн кошумча каражат бир топ акча экенин белгилешти.