БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош шаарында 3-август күнү эки жана бир жаштагы балдар каза болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-августта саат 12лер чамасында шаардагы Кулматов көчөсүнүн эки жаштагы тургуну үйүнүн жанында ойноп жатып "Увам" каналына түшүп кеткен. Анын сөөгүн туугандары табышкан.
"Сууга түшүү сезону башталгандан бери акыркы окуяны кошкондо жашы жетелек балдардын жетинчиси каза болууда. Ал эми сууга агып каза болгон чоң кишилер ондон ашты", — деп айтылат Ош шаардык милициясы тараткан билдирүүдө.
Эки факт боюнча тең иликтөө иштери жүрүп жатат.
Шаардык милиция алдын ала айтылган эскертүүлөр, жолугушууларга карабастан, ата-энелердин шалаакылыгынан жана өспүрүмдөрдүн коопсуздук чараларын сактабагандыгынан сууга чөгүп кеткен учурлар көп катталып жатканын эскертет.