БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бүгүн саат 15:38де очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматына караганда, силкинүү очогу Жумгал районуна караштуу Ак-Кел айылынан чыгышты карай беш чакырым, Сары-Булак айылынан түштүк-батышты карай жети чакырым, ал эми Табылгы айылынан түштүк-батышты карай 10 чакырым аралыкта жайгашкан.
Ал эми силкинүүнүн күчү Ак-Кел айылында 3 балл, Табылгыда 2 баллга жетти.
Каза болгондор жана жабыркагандар жок.
Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>