БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Нарын менен Ысык-Көл облусунан башка аймактарында күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкек шаарында күн 33 градуска чейин ысыса, Ошто 35 градус болот.
Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 36 градус ысыйт. Таласта 33, Нарында — 29 жана Ысык-Көлдө — 25 градус болот.