БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында "Тоо & суу" аттуу заманбап искусствонун көргөзмөсү өтө турганын Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинен билдиришти.
Эл аралык көчмө искусство лагеринин алкагында боло турган көргөзмө жума күнү саат 15.00дө ачылат.
Көргөзмөнүн негизги максаты элди жаратылышты, каада-салтты жана тарыхты сүйүүгө чакыруу болуп эсептелет.
Маданий иш-чарага Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Австрия, Швейцария, Лихтенштейн, Франция, Германия, Израиль, Түркия жана Россиядан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.