ЫСЫК-КӨЛ, 6-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат.
Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген.
![Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда Карагат FEST мөмө-жемиш фестивалы өтүп жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/33/1028403379_0:0:1220:768_600x0_80_0_0_2a04e8e360bf1f6106bd54f618f76d8c.jpg)
![Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген Быйыл төртүнчү ирет болуп жаткан иш-чараны өткөрүү эстафетасын былтыр Түп району Ак-Сууга өткөрүп берген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/34/1028403431_22:0:1243:767_600x0_80_0_0_0418a5e931dca4534272824ec65d1a26.jpg)
![Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/29/1028402958_59:0:1280:767_600x0_80_0_0_994d21b3d2535617710613c94d5d6928.jpg)
![Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт. Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/30/1028403085_0:0:1220:768_600x0_80_0_0_8152d2826fc21eaad0b790d1bc435c1b.jpg)
Фестиваль жергиликтүү дыйкандар менен Россия жана Казакстандан барган ишкерлердин ортосундагы байланышты түзүү, өстүрүлгөн мөмө-жемишти экспорттоого жол ачып берүү болуп саналат.
Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитовдун айтымында, аймакта карагат 69 гектарга эгилсе, ал эми жалпы мөмө-жемиш 803 гектарга өстүрүлөт. Аларды көбөйтүү үчүн райондо күнөсканаларды куруу активдешкен. Мындан тышкары, жакында эле карагаттын түшүмдүүлүгүн 60 пайызга жогору бере турган жаңы сорттор алып келинген.
Кыргызстан гимнинин жаңыруусу менен башталган фестивалда мөмө-жемиш көргөзмөлөрү уюштурулуп, карагат боюнча мастер-класстар өтүүдө. Иш-чара оюн-зоок, ар кандай конкурстар менен коштолуп жатат.
Фестивалдын соңунда Карагат FEST иш-чарасын өткөрүү эстафетасы Ысык-Көл районуна өткөрүлмөкчү.