БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Рио-де-Жанейро шаарында Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды.
![Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Рио-де-Жанейро шаарында Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда Рио-де-Жанейро шаарында Олимпиада оюндары салтанаттуу ачылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/36/1028403643_85:0:1123:652_600x0_80_0_0_3b3036341044d8baf7e16bc4ff30450d.jpg)
![Иш-чаранын ачылыш аземи жана спортчулардын парады легендарлуу Маракана стадионунда өтүп, андан 207 мамлекеттен келген 12 миң спортчу басып өттү Иш-чаранын ачылыш аземи жана спортчулардын парады легендарлуу Маракана стадионунда өтүп, андан 207 мамлекеттен келген 12 миң спортчу басып өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/37/1028403796_0:77:1129:787_600x0_80_0_0_8fdad3334e86c1380a51dae6f5a15c5f.jpg)
![Кыргызстандан Олимпиада оюндарына 19 спортчу катышып жатат Кыргызстандан Олимпиада оюндарына 19 спортчу катышып жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/37/1028403745_0:2:963:607_600x0_80_0_0_a01ebdcaf627797229d3f27aac74c6de.jpg)
![Дзюдочу Юрий Краковецкий казакстандык спортчу менен Дзюдочу Юрий Краковецкий казакстандык спортчу менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/38/1028403847_0:181:732:641_600x0_80_0_0_b5c53e33dfece82703119b40fb382411.jpg)
![Эскерте кетсек, Рио Олимпиадасы 21-августка чейин уланмакчы. Эскерте кетсек, Рио Олимпиадасы 21-августка чейин уланмакчы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102840/44/1028404486_0:250:704:694_600x0_80_0_0_74f1a7fce8ce9bfe611c41e5d3cd2317.jpg)
Иш-чаранын ачылыш аземи жана спортчулардын парады легендарлуу "Маракана" стадионунда өтүп, андан 207 мамлекеттен келген 12 миң спортчу басып өттү. Кыргызстандан Олимпиада оюндарына 19 спортчу катышып жатат.
Анда дзюдочу Юрий Краковецкий казакстандык спортчу менен турганы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов менен Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Шаршенбек Абдыкеримовдун Франция президенти Франсуа Олланд менен түшкөнү тартылган.
Мындан тышкары, сүрөттө кыргыз желегин көтөрүп чыккан мушкер Эркин Адылбек уулу менен 1980-жылкы Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев да бар.
Эскерте кетсек, Рио Олимпиадасы 21-августка чейин уланмакчы.