БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүнкү күнгө чейин айтылып жүргөн уламыштарга ылайык, Ысык-Көлдүн түбүндө 200 төөгө жүктөлгөн алтын сакталган. Бул тууралуу Григорьев капчыгайында гид болуп иштеген Элмира айтып берди.
Анын айтымында, христиан динин жайылтып жүргөн армян монахы Сириядагы куугунтуктан улам Орто Азияга качууга аргасыз болгон. Анын санаалаштары 200 төөгө алтын, күмүш жана башка байлыктарын жүктөп алып, Кытайга өтүүгө ниеттенген. Душмандары алдынан тосуп жатканын уккан монах Ысык-Көлдүн жээгиндеги армян монастрына келип, ал жактагылардын жардамы менен байлыктарын көл жээгине бекитип салган.
Ал эми XX кылымда аталган байлык кайсыл жерге экенин көрсөткөн карта табылып, үркүндөн улам окумуштуулар изилдөөдөн баш тарткан. Ал эми өткөн кылымдын 20-жылдарында окумуштуулар картада белгиленген жерди казууга уруксат алып, ал жерден алтын балка таап алышкан.
Аталган уламыш боюнча расмий маалыматтар жок. Анткен менен окумуштуулар бүгүнкү күнгө чейин үмүтүн үзбөй келишет.