БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын айрым бөлүктөрүндө газ берүү убактылуу токтотулары тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка караганда көгүлтүр от 11-август күнү саат 8.00дөн 17.00гө чейин Ош шаарындагы Курманжан датка, 8-март жана Жеңиш көчөлөрүндө токтотулат.
Ал эми 16-17-август аралыгында Чүйдүн Лебединовка айылындагы Мичурин, Чыгыш жана Октябрь көчөлөрүндө газ берилбейт.
Мындай аракеттер газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө.