БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Шотландия шамалдан алынган электр энергиясы менен өлкөнү бир күн толук камсыз кыла алганын РИА Новости билдирди.
Өлкө аймагында шамалдан энергия алуу үчүн орнотулган турбиналар 7-августта 106 пайыз электр энергия иштеп чыккан. Ал өлкөдөгү бардык үйлөр менен кеңселердин кенен колдонуусу үчүн жетмек. Шамал турбиналары бир суткада 39,545 мегаватт саат электр энергия чыгарган. 7-августта өлкө боюнча колдонулган электр энергиясынын көлөмү 37,202 мегаватт саатты түзгөн.
Британиянын Independent басылмасы жай айында Шотландияда электр энергиясы аз колдонуларын жазат.