БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстандын керегине жараган Иззат Артыковдун жеңишинин даамы көпкө чейин таңдайдан кетпейт. Балбандын коло медалы калган спортчуларга болгон үмүт шамын жандандыра алды десек аша чапкандык болбойт.
Спортчу тууралуу кызыктуу фактылар төмөндө:
1. 24 жаштагы Юра алгач 4 жашында гимнастикага барган. Беш жылдан кийин гана дзюдо күрөшүнө өткөн.
2. Спортчу бокс, карате-до жана таэквондо ийримдерине катышкан. Ал Париждеги эл аралык дзюдо академиясынан таалим-тарбия алып, окуу-машыгуулардан өтүп келген.
3. Алгачкы устаты — Анвар Жураев. Учурда чеберчилигин өстүргөн машыктыруучусу — Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Сергей Мистрюков.
![Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Юрий Краковецский бүгүн, 12-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчусу Юрий Краковецский бүгүн, 12-августта Бишкек убактысы боюнча 19:00дө килемге чыгат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102810/93/1028109324_0:0:5183:3258_600x0_80_0_0_326b7a87ac78b85ef90f076c329d96ee.jpg)
4. Юранын кесиби — юрист. Быйыл Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетин бүткөнү турат.
5. Кумир туткан спортчусу — Олимпиаданын көп жолку чемпиону, япониялык дзюдочу Ясухиро Ямасита. Ал дагы оор салмакта дүйнөлүк атак-даңкка жеткен легендарлуу спортчу.