БИШКЕК, 13-авг. – Sputnik. Испаниянын түндүк-батышындагы Галиссия аймагындагы өрттөн 9 гектар токой аянты жабыркаганын La Razon гезитине таянып РИА Новости билдирди.
Аймактын жетекчиси Альберто Нуньес Фейхоонун айтымында, акыркы үч күндүн ичинде эле тилсиз жоо 6 гектар токойду жалмап кеткен. Анын ири бөлүгү Арбо, Кресенте, Соутомайоре жана Порто-де-Сон аймактарына туура келет.
Өрттү өчүрүүгө ысык аба ырайы жана катуу шамал тоскоолдук жаратууда.
Жыл сайын болуучу бул кырсык негизинен атайылап өрт коюудан келип чыгып, буга үй-жай курууга кызыкдар жергиликтүү тургундар шектелип келет. Быйыл эле бул боюнча 40 киши кармалган.