БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Риодогу жайкы Олимпиада оюндарына аттанган кыргыз спортчулардын катарында балбан Мурат Рамонов да бар. Грек-рим күрөшү боюнча өлкө намысын коргой турган спортчу бүгүн, 15-август күнү Бишкек убактысы боюнча 19:00дө күч сынашат. Sputnik Кыргызстан агенттиги Мурат Рамонов тууралуу 5 фактыны сунуштайт.
1. 26 жаштагы Мурат 10 жылдан бери грек-рим күрөшү менен машыгат. Уландар, жаштар арасында Азия чемпиону аталган. Риодо чемпион болуу бактысы буюрса, сый акысына ала турган 7 миллион сомго апасына жаңы үй сатып берип, калганын кайрымдуулукка жумшайм дейт.
![Участник Олимпиады-2016, борец греко-римского стиля Мурат Рамонов Участник Олимпиады-2016, борец греко-римского стиля Мурат Рамонов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102789/36/1027893629_0:0:2947:4204_600x0_80_0_0_27ba362c8a259ed9d4d7fb6f6b40c143.jpg)
2. Аны ушундай даражага жеткирген устаттары — Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучулар бир тууган Фархад жана Шухрат Ушуровдор.
4. "Экономика жана өндүрүштү башкаруу" кесиби боюнча Кыргыз мамлекеттик курулуш, унаа жана архитектура университетин бүткөн.
5. Мураттын атасы – осетин, апасы – уйгур улутунан. Маркум атасы аны кичинекей кезинде Хаджимурат деп атачу. Чоң энесинин улуту — татар. Мурат лезгин бийин катыра бийлейт. Спорттон тышкары ат минип, лыжа тээп жана квадроцикл айдоону жактырат. Ага активдүү эс алуу жана экстрим жагат.