БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жарандык активист Кайрат Бекмамбетов XXXI Олимпиадалык оюндарга катышкан спортчу кыз Айсулуу Тыныбекованы сыйлаш үчүн социалдык тармакта демилге көтөрүп чыкты.
Жарандык активисттин айтымында, келечектүү жаш спортчулар үчүн элдик чогултуулар башталат.
"Бул кыз бизге үмүт жаратып, Кыргызстандын намысын кантип коргоо керек экенин көрсөттү. Ал өлкөнү бириктирип койду. Эми ага жооп катары биз биригип туруп, элдин атынан ага Кыргызстандын сыйлыгын тапшырабыз. Замандаштар үн катып, бириккиле!", — деп жазган Бекмамбетов.
Ал демилгеге чакырган Facebook социалдык тармакта #смирупонитке деп аталган хештег түзүп, каражатты которо турган эсеп-кысапты (реквизитти) жазган.
Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>