БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Баш мыйзам суроолору боюнча Венеция комиссиясына кайрылды. Бул туурасында аталган фракциянын катчылыгынан билдирди.
Катта комитеттин конституциялык мыйзамдуулук жаатындагы кызматташуусуна ыраазычылыгы айтылган. Ал аракеттер конституциялык туруктуулуктун, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшүн жана мамлекеттик бийликти бекемдөөгө багытталганы кошумча билдирилет.
"Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшү, конституциялык туруктуулукту өнүктүрүү боюнча мурдагы тажрыйбалары эске алынды. Бул жаатта демилгеленген мыйзам долбоорлоруна укуктук жактан экспертиза жүргүзүп берүү өтүнүчү менен кайрылдык", — деп билдирди Шыкмаматов.
Парламентарий Баш мыйзамдын бир нече бөлүмдөрүнө конституциялык түзүлүш, президенттик, мыйзамдуулук, аткаруу жана сот бийлиги, прокуратура, жергиликтүү өз алдынча башкаруу дагы башка суроолор боюнча оңдоолор киргизиле тургандыгын эске салды.