БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштарды текшерүүгө алганын Биринчи май райондук башкармалыктын ага инспектору Тынай Нургазиев билдирди.
Анын айтымында, "Достук" жаңы конушундагы жана Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү курулуп жаткан эки үй жана Панфилов көчөсүндөгү кафе текшерүүгө алынган.
"Текшерүү учурунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы аныкталды. Биз куруучуларга жок дегенде кызыл лента менен курчоо талабын коебуз", — деди Нургазиев.
Ал курулуштар уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Инспектор аталган объектилерди түрттүрүү үчүн акт толтурулганын, курулуш ээлерине 10 миң сомдон айып пул салынганын белгиледи.