БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Орто Азиянын байкерлери алгачкы ирет эл аралык мотожүрүш уюштурушат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди.
"Көчмөндөр жолу" аталышындагы мотожүрүш Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулууда.
Мотожүрүш 31-август күнү Душанбе шаарынын жака белинен башталып, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймагын аралайт. Байкерлер Анзоб, Шахристан, Көк-Бел, Ала-Бел, Өтмөк, Кордай, Чычкан жана Боом капчыгайларын басып өтүүгө ниеттенишүүдө.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага катышууга 35 мамлекет билдирме жөнөттү.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.