БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу-2016" сулуулар сынагында Кыргызстандын намысын 18 жаштагы Перизат Расулбек кызы коргойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сулуулар конкурсун уюштуруу боюнча компаниянын директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.
© Фото / Перизат Сабинова"Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагынын жеңүүчүсү Перизат Рыскулбек кызы
![Победительница турнира Мисс Кыргызстан — 2016 Перизат Расулбек кызы Победительница турнира Мисс Кыргызстан — 2016 Перизат Расулбек кызы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102866/63/1028666386_0:0:800:1004_600x0_80_0_0_5659a4275fe11e11a5adde434d6b8b79.jpg)
"Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагынын жеңүүчүсү Перизат Рыскулбек кызы
© Фото / Перизат Сабинова
Перизат Расулбек кызы "Кыргызстан сулуу-2016" сынагын жеңип, дүйнөлүк конкурска жолдомо алган.
"Перизат учурда кызуу даярданууда. Азыр саламдашуу бөлүгү үчүн өлкөнүн төрт облусунан ролик тартып, кооз жерлерден сүрөткө түшүп келди", — деди Таттыбүбү Самидин кызы.
© Фото / Перизат Сабинова"Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагынын жеңүүчүсү Перизат Рыскулбек кызы
![Победительница турнира Мисс Кыргызстан — 2016 Перизат Расулбек кызы Победительница турнира Мисс Кыргызстан — 2016 Перизат Расулбек кызы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102866/64/1028666407_0:0:800:995_600x0_80_0_0_5054e0da670c537f2c3ba0dcf7cbdff9.jpg)
"Кыргызстан сулуусу — 2016" сынагынын жеңүүчүсү Перизат Рыскулбек кызы
© Фото / Перизат Сабинова
Дүйнөлүк сулуулар конкурсу 26-ноябрдан 18-декабрга чейин АКШнын Вашингтон шаарында өтөт.