БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Риодогу Олимпиада оюндарында бүгүн Кыргызстандык спортчу, Азия чемпиону Магомед Мусаев чейрек финалдагы беттешин монголиялык Доржханд Худербугла менен өткөрөт.
Кыргыз спортчусу Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да килемге чыгат. 97 килограмм салмактык категорияда күрөшө турган балбан Олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын үмүтү болуп турат.
![Борец из Кыргызстана Магомед Мусаев Борец из Кыргызстана Магомед Мусаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102819/57/1028195751_0:0:768:866_600x0_80_0_0_78830a8461e9955b7b2e88af76b4b53a.jpg)
Sputnik Кыргызстан Магомед Мусаев тууралуу 5 фактыны сунуштайт.
27 жаштагы балбан 11-мартта Казакстандын Алматы шаарында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин ата-энеси менен Россияга көчүп кеткен. Учурда спортчунун ата-энеси Ингушетиянын Махачкала шаарында жашайт.
Спортчу эркин күрөш боюнча Азия чемпиону жана вице-чемпиону, Азия оюндарынын бир жолку күмүш байгесинин ээси. Эл аралык турнирлеринин көп жолку жеңүүчүсү.
2010-жылы Москва шаарында өткөн дүйнө чемпионтында Эркин күрөш федерациясынын президенти, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаевдин сунушу менен Россиядан Кыргызстанга көчүп келген. Спортчу кыргыз жарандыгына ээ болгон. Учурда эл аралык спорт чебери болуп эсептелет.
2016-жылы Астана шаарында өткөн Азиянын олимпиадалык лицензиялык турниринде жеңишке жетип, Рио-де-Жанейрого жолдомо алган.