БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип алды.
97 килограмм салмактык категорияда килемге чыккан Магомед Мусаев мындан ары 1/4 финал үчүн ат салышат.
![Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип алды. Бразилиядагы жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбан Магомед Мусаев 1/8 финалда монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде жеңип алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102868/70/1028687017_0:77:1280:881_600x0_80_0_0_c807544af4eb81652323a1672f259de0.jpg)
![97 килограмм салмактык категорияда килемге чыккан Магомед Мусаев мындан ары 1/4 финалда кармашат. 97 килограмм салмактык категорияда килемге чыккан Магомед Мусаев мындан ары 1/4 финалда кармашат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102868/71/1028687124_0:155:1279:959_600x0_80_0_0_745ed02a8cfb0dabe519b20b7025bb4d.jpg)
![Монголиялык балбан Доржханд Худербугла Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло медаль тагынган жайы бар. Монголиялык балбан Доржханд Худербугла Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло медаль тагынган жайы бар. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102868/71/1028687183_0:15:1279:819_600x0_80_0_0_c2914f9ed32fa897858385dc05f6c38b.jpg)
Кыргызстандык спортчуга күйөрмандык кылгандардын ичинен мурдагы Ички иштер министри, КРдин Эркин күрөш боюнча федерациясынын президенти Мелис Турганбаев да бар. Ал маалыматтарга караганда, спортчуну 2010-жылы КРдин курама командасына кирүүгө чакырган.
Монголиялык балбан Доржханд Худербугланын Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн 17-Азия оюндарында коло медаль тагынган жайы бар.
Эске сала кетсек, Риодогу Олимпиадага аттанган 19 кыргыз спортчунун ичинен бир гана Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло тагынган. Анткен менен спортчунун канынан допинг табылып, өлкө жалгыз медалынан кол жууган.