БИШКЕК, 22-авг — Sputnik. Бразилияда өткөн XXXI Жайкы Олимпиада оюндары жекшемби күнү аяктады, анткен менен ага атан төөдөй ишеним менен 19 спортчу катышкан.
Анткен менен Кыргызстандын курама командасын тажрыйбасыз деп айтууга ооз барбайт. Спортчулардын катарында 16 жашар Денис Петрашов аттуу спортчу болгону менен башка дагы жетөө жаманбы-жакшыбы өткөн Олимпиада оюндарына катышса, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев тээ, 2004-жылдары эле өлкөнүн намысын чет жактарда коргоп жүргөн. Бул сапар атпай кыргыз журту ишеним арткан спортчуларыбыз эмнеге жеңилип калгандыгы туурасында эксперттер ой бөлүштү.
Даярдык
![Спортивный журналист Иван Марченко Спортивный журналист Иван Марченко - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102870/92/1028709203_0:0:800:601_600x0_80_0_0_a37ce431d69c7cfe9eca11e10cb4333c.jpg)
"Ал учурда кризис деген неме баш көтөртпөй басып турган. Муну ошол кездеги алган лицензияларыбыздын саны эле айтып турат. Лондонго болгону 14 спортчу гана аттанган. Азыр мамлекетти ур-тепкиге алуунун кереги жок, финансылоо менен көрүлгөн даярдык жаман болгон жок. Кыскасы, жыйынтык жаман эмес. Эгерде мындан төрт жыл мурда Магомед Мусаев жетинчи орунду ээлесе, азыр бешинчи орунду экөө, жетинчи орунду бирөө ээледи", — деди ал.
![Бывший глава Госагентства спорта Кадырбек Эргешов Бывший глава Госагентства спорта Кадырбек Эргешов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102870/90/1028709054_0:0:2229:1591_600x0_80_0_0_a33efd473ebd379ca4f36ffdc295cf35.jpg)
"Мамлекет тарабынан бардык иш-чаралар каржыланды. Төрт жыл ичинде агенттиктин бюджети эки эсе өстү", — деди мурдагы аткаминер.
Себептери
![Глава Государственного агентства молодежи, физической культуры и спорта Канат Аманкулов и победитель Московской олимпиады по тяжелой атлетике Каныбек Осмоналиев Глава Государственного агентства молодежи, физической культуры и спорта Канат Аманкулов и победитель Московской олимпиады по тяжелой атлетике Каныбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102870/88/1028708837_0:0:1280:959_600x0_80_0_0_d06e1f8ee84f964f2032f70d45682514.jpg)
"Тыныбекова менен да ушундай эле болду. Кээде ушинтип калыстардан кетип атса, кээде Краковецкийдей болуп анча-мынча ийгилик жетпей калып жатты. Болбосо үч медаль менен кайтат элек", — деди Осмоналиев.
Журналист Марчено калыстардын баасын жеңилүүлөрдүн бир себеби катары атаса, буга экинчи жагынан психология да негиз болду деген ойдо.
![Балбан Арсен Эралиев коло медалга болгон кармашта өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен Балбан Арсен Эралиев коло медалга болгон кармашта өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102856/65/1028566598_0:83:2919:1918_600x0_80_0_0_3a8d52dc33c7f0a404fd393857b0a0d0.jpg)
![Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Тыныбекова жана индиялык Сакши Малик Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Тыныбекова жана индиялык Сакши Малик - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102863/82/1028638284_0:379:3499:2579_600x0_80_0_0_7f91f59213a052f671ffb6227c6cfe4e.jpg)
"Эралиевди күнөөлөө болбойт. Анын медалын тартып алышты десек да жарашат. Тыныбекова чемпиондугун көрсөттү, эки ирет мыкты кармаш тартуулады. Коло медаль үчүн таймашта өзүн кичине таштап жиберди. Негизи эки балбандын тең медаль алуу мүмкүнчүлүгү бар болчу", — деди ал.
Кадырбеков калыстардан тышкары медицинага да көңүл бөлдү. Анын айтымында, өлкөдө спортчулар үчүн медициналык жана реабилитациялык борбордун жоктугу бир топ кесепетин тийгизди.
"Тыныбекова 15-20 мүнөт сайын болуп жаткан беттешүүлөргө даярданууга жетишпей жатты. Эралиев жөнүндө айтсам, мында Бириккен күрөш уюмуна Өзбекстандын таасири чоң экенин эске алуу керек", — деди агенттиктин мурдагы башчысы.
Үмүткө суу сепкендер
Спорттук баяндамачы быйылкы курамда үмүттү актабай, капаланткан спортсмендер болду деп эсептейт.
Кадырбеков эч кимди күнөөлөбөйт
"Көпчүлүктүн мүмкүнчүлүгү аз болчу. Анткени 2015-жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатта балбандардын бири да байгелүү орунга жеткен эмес. Ал эми дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду ээлеген Азия чемпиону Канатбек Бегалиев физикалык да, моралдык да жактан даяр болгон. Бирок ийгилик оогон эмес. Тажрыйбага таяна турган болсок, Эралиев менен Тыныбекованын мүмкүнчүлүгү бар эле", — деди Кадырбеков.
Ал эми Каныбек Осмоналиев спортчулардын баары колунан келген аракетин жасаганын, сууда сүзүүчүлөр менен жөө күлүктөр жакшы жыйынтыкка жеткенин билдирди.
Иззат Артыков тууралуу
"Артыков жаш, жаңыдан өсүп келе жатат, болгону 22 жашта. Спортчуну моралдык жактан колдоого алыш керек. Ал медаль үчүн таймашууга жөндөмдүү экенин далилдеди. Төрт жылдан кийин "алтын" тагынып келиши толук мүмкүн", — деди Осмоналиев.
Команданын жетишкендиги
Медалдын жоктугуна карабай кыргызстандык команда элине бир топ жагымдуу ирмемдерди тартуулай алды.
"Артыков коло медаль тагынганда өлкөдө майрам болду. Тыныбекова күрөшүп жатканда көчөдө ары-бери жүргөн унаа аз болуп, элдин баары үйүндө спортчуну сүрөп жатты. Башкача айтканда, Оюндар элдин башын бириктирип койду", — деди Эргешов.
Келечек
Журналист ири чыгымдар үмүттү актабагандан кийин корогон каражатты азайтуу керек деген ойдо.
"Андан көрө акчаны массалык спортко жумшайлы. Оор салмактагы балбандар мекенинде татыктуу атаандаш жок болгондуктан, чет өлкөдө машыгууга мажбур. Ар бир категорияда бир нече атаандаш пайда боло баштаганда гана спортчулар өсө баштайт", — деди Марченко.
Кадырбеков Спорт агенттигинин башчысын кол жоолуктай эле жылына алмаштыра берүүнү токтотуш керек деп эсептейт.
Осмоналиев кийинки Оюндарга даярдык көрүүнү эчак эле баштоо керек болчу дейт.
"Спортчулар чоң тажрыйба топтошту. Эми жыйынтык чыгарып, эмки Олимпиадага даярдык көрүү керек", — деди чемпион.
Кийинки XXXII жайкы Олимпиада Япониянын борбор калаасы Токио шаарында өтөт.