БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда очогунда үч баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Алдын ала маалыматтарга караганда жер титирөөнүн очогу Ырдык айылынан 5, Челпек айылынан 7, Каракол шаарынан 10 чакырым алыстыкта болгон.
Силкинүүнүн күчү Ырдык айылында 2,5 жана Каракол шаарында 2 баллдык болуп сезилди. Жабыр тарткандар болгон жок.