БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү дыйкан Нулифар Бобоева айтып берди.
![Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда. Мөмө-жемиштерди Россияга алып кетүүчүлөр аз болгондуктан Баткендеги быйылкы мол түшүм эки эсе арзан сатылууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102876/15/1028761520_0:0:1220:768_600x0_80_0_0_979270caea5bf33c7bd39454f5e28606.jpg)
![Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган. Ош — Баткен автожолунун Кадамжай району аркылуу өтүүчү бөлүгүндө бир чакырымдай жерге созулган мөмө-жемиш базары орун алган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102876/15/1028761560_59:0:1280:768_600x0_80_0_0_0e618c59b20838d18d57d106a2b0054f.jpg)
![Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат. Анда кадамжайлык дыйкандар өстүргөн алма, шабдаалы, кара өрүк, жүзүм, помидор жана башка мөмөлөрдү алып чыгып ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө сатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102876/15/1028761555_59:0:1280:768_600x0_80_0_0_861073e5596c241647d9d329dacb64bb.jpg)
![Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты. Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102876/15/1028761530_128:0:1280:768_600x0_80_0_0_d76155fee4ac1284dc36f70b7b5a6a9d.jpg)
Жол боюндагы базарда соода кылган баткендик Нулифар Бобоева быйылкы баа төмөн болуп жаткандыгын айтты.
"Россияга ташып кетүүчү соодагерлер аз келгендиктен, быйыл өстүрүп алган мөмө-жемиштерибизди эки эсе арзан сатууга туура келип жатат. Маселен, былтыр шабдаалынын килограммын дүңүнөн 30 сомдон сатсак, быйыл араң 10-15 сомго жетти", — деди Бобоева.
Былтыр килограммы 300-500 сомдон сатылып келген Баткендин атактуу өрүгү килосу учурда 150-200 сомдон соодаланып жатат.
Ал калган жер-жемиштердин быйылкы наркы да ушундай эле абалда экендигин кошумчалады.