БИШЕК, 26-авг. — Sputnik. Непалдын борбордук бөлүгүнө кырсыкка кабылып, дарыяга кулаган автобустун 20га чукул жүргүнчүсү каза тапты. Бул туурасында РИА Новости Himalayan Time басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Кырсык бүгүн эртең менен болгон. Жергиликтүү полициянын өкүлүнүн айтымында, автобус чек арага жакын жайгашкан аймактан өлкөнүн ичин карай багыт алган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, автобустун ичинде 39 адам болгон. Алардын ичинен 20сы каза таап, экөө дайынсыз жоголуп, куткаруучулар издеп жатат.
Буга чейин тойго бара жаткан дагы бир автобус 12 метр бийиктиктеги жардан кулап, эң кеминде 36 адам жаракат алганы айтылган.