БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда эшек уурдап терисин сатууга шектелген 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда Бакай-Ата районунда эшек уурдоо фактылары жыл башынан бери бир нече ирет кайталанган. Бирок айыл тургундары арыз менен өз убагында кайрылышкан эмес.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн тергөө иштеринин натыйжасында эшек уурдоого шектелип 21 жаштагы ошол эле райондун тургуну кармалды.
"Шектүү эшектерди айыл четине алып барып, алардын терисин сатыш үчүн союп турган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча тергөө иштери уланып жатат.