БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында Москвада өрттөн каза болгон Кыргызстандын 14 жараны эскерилип жатат.
Кечээ, 27-август күнү Алтуфьевск шоссесинин аймагындагы басмакананын кампасында өрт чыгып, андан Кыргызстандын 14 жараны каза болду. Набыт кеткендердин баары кыз-келиндер экени маалымдалды. Кырсыктан жабыркаган дагы үч киши оор абалда ооруканада жатат.
Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева, вице-мэр Айгүл Рыскулова, ЖК депутаттары келишти.
Каза болгондордун тизмеси жарыяланган жерде "Алар бактылуу өлкөдө жашагылары келген. Кечиргиле, биз силерди сактай албай калдык" деген жазуу жазылып турат.
Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Ниязов кырсыктын чоо-жай териштирилерин белгилеп, азыркы тапта маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү башкы маселе экенине токтолду.
![Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында Москвада өрттөн каза болгон Кыргызстандын 14 жараны эскерилип жатат Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында Москвада өрттөн каза болгон Кыргызстандын 14 жараны эскерилип жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102881/16/1028811650_135:0:1280:720_600x0_80_0_0_c28defbebb1cfb1e3fcdca98e7b9cbb1.jpg)
![Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева, вице-мэр Айгүл Рыскулова, ЖК депутаттары келишти Эскерүү иш-чарасына президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева, вице-мэр Айгүл Рыскулова, ЖК депутаттары келишти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102881/15/1028811523_135:0:1280:720_600x0_80_0_0_0555cac2b084b5fa320f8c6ec7287bdd.jpg)
![Ниязов кырсыктын чоо-жай териштирилерин белгилеп, азыркы тапта маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү башкы маселе экенине токтолду Ниязов кырсыктын чоо-жай териштирилерин белгилеп, азыркы тапта маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү башкы маселе экенине токтолду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102881/12/1028811275_135:0:1280:720_600x0_80_0_0_219e605e4c1cb490dbca8e55de03d61b.jpg)
![Каза болгондордун тизмеси жарыяланган жерде Алар бактылуу өлкөдө жашагылары келген. Кечиргиле, биз силерди сактай албай калдык деген жазуу жазылып турат Каза болгондордун тизмеси жарыяланган жерде Алар бактылуу өлкөдө жашагылары келген. Кечиргиле, биз силерди сактай албай калдык деген жазуу жазылып турат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102881/13/1028811383_0:0:1144:720_600x0_80_0_0_dfe00739e6f994346bf60a7e71ed2394.jpg)
![Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Ниязов кырсыктын чоо-жай териштирилерин белгилеп, азыркы тапта маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү башкы маселе экенине токтолду Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Ниязов кырсыктын чоо-жай териштирилерин белгилеп, азыркы тапта маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү башкы маселе экенине токтолду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102881/14/1028811441_107:0:1252:720_600x0_80_0_0_1227e8623daa27932d967dee0cdf6ccb.jpg)
Ал эми Кудайбердиева өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге токтолду.
"Орду толгус чоң трагедия. Өкмөттүк штаб түзүлдү", — деди атка минер.
Каза болгондордун тизмеси жазылган жерге шаардыктар келип гүл коюшууда.