БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кыргызстан бүгүн өзүнүн эгемендүүлүк майрамын белгилеп жатат. Мындан 25 жыл мурун Кыргыз Республикасы 31-августта көз карандысыз өлкө экендигин жар салган.
Бул өзгөчө майрам бүтүндөй өлкө боюнча белгиленип, райондун, облустун борборлорунда параддар өттү.
Борбор калаада 1500дөн ашуун аскер параддан өтсө, аларды 80ден ашуун атайын техника коштоду.
Ал эми кыргыз журтун өлкө башчы Алмазбек Атамбаев майрамы менен куттуктады.
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Оше Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Оше - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/67/1028886752_0:0:1280:720_600x0_80_0_0_e56970a4c76725e28d0d6b55b95471f6.jpg)
Экинчи борбор аталган Ош шаарында да майрам шаңдуу өтүп, жергиликтүү тургундар атайын парадга күбө болушту. Аскердик парад майрамдык концерт, ар кыл оюн-зооктор менен коштолду.
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Джалал-Абаде Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/27/1028882740_0:0:1280:768_600x0_80_0_0_9e65e69736e3276ba83c63de64ffbe88.jpg)
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Нарыне Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Нарыне - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/80/1028888097_0:0:1920:1280_600x0_80_0_0_1aeac91f0fd801b3858cb6692f72fa3c.jpg)
Нарында майрамдын шаңын параддан өткөн күлүктөр ачты. Ал эми парадга аскер техникалары жана жоокерлер катышты.
![Военный парад в честь 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене Военный парад в честь 25-летия независимости Кыргызстана в Баткене - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/55/1028885547_0:0:1280:768_600x0_80_0_0_1069b97c901d5fa8470db510210f3f7b.jpg)
Баткен облусу да четте калбай аскердик парад жана майрамдык концерт уюштурду.
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Караколе Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Караколе - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/72/1028887219_0:0:2048:1536_600x0_80_0_0_73d8b966d86edb886b50406919dabde0.jpg)
Караколдо бир гана аскерлер эмес, жаштар өкүлдөрү, ырчылар жана активист студенттер параддан өтүштү.
![Свадьба семи пар в день 25-летия независимости Кыргызстана в Ала-Буке Свадьба семи пар в день 25-летия независимости Кыргызстана в Ала-Буке - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/77/1028887746_0:0:1280:960_600x0_80_0_0_feade0a51533cd356af11f7f42b10cf9.jpg)
Ала-Букада жети облустан келечекте баш кошо турган жети келип, түндүк көтөрүштү.
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Кара-Балте Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Кара-Балте - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/87/1028888706_0:0:1600:1200_600x0_80_0_0_8574011ac2b9ae43ec239a53969bf6e8.jpg)
Кара-Балта шаарынын эмгекчилери "Ура" деген кыйкырык менен борбордук көчөдөн өтүштү. Майрам шоу-концерт менен уланууда.
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Чаткале Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Чаткале - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102889/34/1028893467_0:0:1280:960_600x0_80_0_0_acc000aacf642f3f7b91124b2ad51ecb.jpg)
Чаткалда майрамдын көркүн спорттук иш-чаралар ачып, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды.
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Балыкчи Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Балыкчи - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102889/40/1028894003_0:0:2592:1728_600x0_80_0_0_a3a4c09540b0c12c425df5438202b8b3.jpg)
Балыкчы шаарында жаш бийчилер жаркын маанай тартуулап, элдин көңүлүн көтөрүштү.
![Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Таласе Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Таласе - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102888/41/1028884194_0:0:1280:960_600x0_80_0_0_906ba9674dae484439a626a082a80371.jpg)
Талас жергесинин тургундары улуттук кийимдерди кийүү менен параддан өтүп майрамды өзгөчө белгилешти.