Деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Миң-Куш кыштагы алгач 18 миң адамга ылайыкталган.
Советтер Союзу учурунда мында уран кени болгон. Бирок СССР таркагандан кийин завод жабылып, жумушсуздук өкүм сүргөндүктөн көпчүлүк тургундар кыштактан көчүп кетишкен. Эми төрт радиоактивдүү калдыкка коңшулаш болуу элди тынчсыздантып келет.
Өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган имараттар жарактан чыккан. Жарандар эскирген үйлөрдүн кирпичтерин ташып кетип жатып, айрым үйлөр бомба түшкөндөй аңырайып калган.
Көпчүлүк имараттар авариялык абалда болгондуктан сыртына кулпу салынган. Себеби, балдар ойногону кирип кетсе, алардын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал.
Миңкуштуктар кыштак жоголуп бара жатканын айтышат. Бирок ошентсе да кичи мекенинен көчүп кетүүнү каалашпайт. Алардын айтымында, мындай климатты башка жерден табуу мүмкүн эмес. Жайкысын салкын, кышында жылуу. Жаратылышы дагы абдан кооз.
![Бул жердин балдары убактысын компьютер алдына отуруп текке кетирбейт Бул жердин балдары убактысын компьютер алдына отуруп текке кетирбейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/23/1028832355_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_0f89fb527429fa79171e2a42c6ba1734.jpg)
![Балдар көчөдө коркпой эле жүрө беришет Балдар көчөдө коркпой эле жүрө беришет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/23/1028832389_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_d30cce878281ff03cd76e93f48585f47.jpg)
![Себеби бардыгы бири-бирин жакшы тааныйт Себеби бардыгы бири-бирин жакшы тааныйт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/23/1028832395_0:0:4016:6016_600x0_80_0_1_06de30d7d791b28df842fbfe18a8bffc.jpg)
![Конокторго меймандостук менен мамиле жасашат. Себеби бул жакка көп деле киши келбейт Конокторго меймандостук менен мамиле жасашат. Себеби бул жакка көп деле киши келбейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/24/1028832421_0:0:5781:3859_600x0_80_0_1_ebea6185078d7391070db3c1a2253025.jpg)
![Кыштак үргүлөп жаткандай дайым жымжырттык өкүм сүрөт Кыштак үргүлөп жаткандай дайым жымжырттык өкүм сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/24/1028832469_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_1340ea5ba7ec4f579b37c486cde599f6.jpg)
![Өткөн кылымдын 50-жылдарында салынган курулуштар дагы деле кармалып турат Өткөн кылымдын 50-жылдарында салынган курулуштар дагы деле кармалып турат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/43/1028834339_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_896ba949bfeca606452939ccf9966bda.jpg)
![Миң-Куштун негизги калкын кары-картаңдар, аялдар жана балдар түзөт Миң-Куштун негизги калкын кары-картаңдар, аялдар жана балдар түзөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/43/1028834381_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_0650a4a1a5add29e1f12434ee242dce4.jpg)
![Аймактагы айрым үйлөргө бомба түшкөндөй аңырайып турат Аймактагы айрым үйлөргө бомба түшкөндөй аңырайып турат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/44/1028834454_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_9be02f721c0f9527c4f17ce5df4abdba.jpg)
![18 миң калкы болгон аймакта азыр 3,5 миң гана эл калды 18 миң калкы болгон аймакта азыр 3,5 миң гана эл калды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/45/1028834521_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_eb74ceb329f755f0b089890ed9be5597.jpg)
![Эркектер менен жаштар жумуш издеп же окууга кетип калышкан Эркектер менен жаштар жумуш издеп же окууга кетип калышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/45/1028834529_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_e26d1a4c535cea1fe2152c1824937f33.jpg)
![Жергиликтүү жашоочулар кыштактагы климатты башка жактан табуу мүмкүн эмес экенин айтышат Жергиликтүү жашоочулар кыштактагы климатты башка жактан табуу мүмкүн эмес экенин айтышат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/90/1028839090_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_acf6d16cf8fb3a62a54ab75dc3eb7fbd.jpg)
![Нарын облусундагы Жумгал районунда деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан Нарын облусундагы Жумгал районунда деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/45/1028834541_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_fcd923e4f216db96b116346e0aaf3abb.jpg)
![Миң-Куштагы негизги көйгөй жумушсуздук болуп эсептелет Миң-Куштагы негизги көйгөй жумушсуздук болуп эсептелет - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102883/46/1028834604_0:0:6016:4016_600x0_80_0_1_ca8926071b7e5b367f343d7ff7b90093.jpg)