БИШКЕК, 3-сент. — Sputnik. Таң калтырган операция Польшанын Гливице шаарында жасалган. Медицина кызматкерлери кокустуктун айынан баш терисинен ажырап калган аялдын өмүрүн сактап калгандыгы тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Маалыматка караганда кырсык август айынын башында болгон. 26 жаштагы аял айыл чарба техникасынын жанына эңкейе койгондо анын чачтары айланып жаткан механизмге кирип кетип, баш терисин жулуп кеткен.
Кырсык болгондон эки саат өткөндөн кийин жабыркаган аял Глициве шаарындагы онкологиялык борборго жеткирилген. Бул бейтаптын тирүү калууга болгон мүмкүнчүлүгүн азайткан. Себеби айрым ткандар 3-4 сааттан кийин өлө баштайт.
Операция ийгиликтүү өтүүсү үчүн медицина кызматкерлери диаметри бир миллиметрлик майда кан тамырларды бириктирген.
Жума күнү дарыгерлер маалымат жыйынын өткөрүп жабыркаган ткандардагы кан айлануу калыбына келгенин жарыялашты.