БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ишемби күнү эртең менен Каримовдун сөөгү салынган кортежди миңдеген ташкенттиктер анын киндик кан тамган шаары Самаркандга узатты. Бүгүн өзбек лидеринин сөөгү жерге берилет. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Жума күнү кечинде Өзбекстан бийлиги Ислам Каримов 78 жашында каза болду деген кабарды таратты. Өлкөдө үч күндүк мөөнөткө аза күтүү жарыяланды. Өзбекстандын президентин акыркы сапарга узатуу боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын Самаркандда жерге берилери белгилүү болду.
![Ишемби күнү эртең менен Каримовдун сөөгү салынган кортежди миңдеген ташкенттиктер анын киндик кан тамган шаары Самаркандга узатты. Ишемби күнү эртең менен Каримовдун сөөгү салынган кортежди миңдеген ташкенттиктер анын киндик кан тамган шаары Самаркандга узатты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102896/36/1028963635_0:0:3414:2147_600x0_80_0_0_6be1ba523e4251da32dd372586fc2d1d.jpg)
![Бүгүн өзбек лидеринин сөөгү жерге берилет. Бүгүн өзбек лидеринин сөөгү жерге берилет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102896/39/1028963993_0:208:3499:2408_600x0_80_0_0_11966335047d6428a2b532c5ecae9e3a.jpg)
![Жума күнү кечинде Өзбекстан бийлиги Ислам Каримов 78 жашында каза болду деген кабарды таратты. Жума күнү кечинде Өзбекстан бийлиги Ислам Каримов 78 жашында каза болду деген кабарды таратты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102896/35/1028963564_0:0:3396:2135_600x0_80_0_0_d9a4628a194c14bcda0e2f043bc3230d.jpg)
![Өлкөдө үч күндүк мөөнөткө аза күтүү жарыяланды. Өзбекстандын президентин акыркы сапарга узатуу боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын Самаркандда жерге берилери белгилүү болду. Өлкөдө үч күндүк мөөнөткө аза күтүү жарыяланды. Өзбекстандын президентин акыркы сапарга узатуу боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын Самаркандда жерге берилери белгилүү болду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102896/40/1028964054_0:98:3500:2298_600x0_80_0_0_255a8fd8cb9416dc9db5e6f8f3872356.jpg)
![Каримовдун каза болгондугу туурасындагы расмий маалыматтардан кийин Ташкенттин хокимияты шаар тургундарына өзбек лидерин ишемби күнү акыркы сапарга узатып, коштошуп калса болорун билдирген. Каримовдун каза болгондугу туурасындагы расмий маалыматтардан кийин Ташкенттин хокимияты шаар тургундарына өзбек лидерин ишемби күнү акыркы сапарга узатып, коштошуп калса болорун билдирген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102896/40/1028964060_0:133:3499:2333_600x0_80_0_0_01fa54195f1615de30a1361614505fda.jpg)
Каримовдун каза болгондугу туурасындагы расмий маалыматтардан кийин Ташкенттин хокимияты шаар тургундарына өзбек лидерин ишемби күнү акыркы сапарга узатып, коштошуп калса болорун билдирген.
Миңдеген өзбекстандыктар жолду бойлой тизилип, өтүп бара жаткан кортежге гүл ыргытып жатышты. Эл арасынан бышактап ыйлагандар, дуба кылгандар, жөн гана тунжурап туруп узаткандар болду. Ташкенттен Каримовдун сөөгү салынган учак саат 9.00да (Бишкек убактысы боюнча 10.00) Самаркандга учуп кетти.