БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ден-соолукту чыңдоо комплекси салтанаттуу ачылып, ага биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Вице-премьер дени сак балдар өлкөнүн келечеги экенин айтып, өлкө жетекчилиги тарабынан республикадагы дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканына токтолду.
Ал "Газпром" жетекчилигине социалдык программасынын алкагында курулган комплекс үчүн ыраазычылык билдирди. Салтанаттуу иш-чарада аталган компаниянын башкы директору Болот Абилдаев спорттук комплекстин ачкычын Абулгазиевге тапшырды.
"Аталган спортук комплекс 500 адамга эсептелген. Жалпысынан республика боюнча дагы 16 комплекс курулмакчы. Бүгүнкү күндө Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Талас облусунун Талас шаарында ушундай комплекстерди куруу боюнча иштер жүрүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан соң Абулгазиев Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданды каттоо салтанатына катышты. Бүгүн бул жерде Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий ачылышы өтөт.