БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанатуу ачылышында эл алдына чыккан Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык топту 10 миң көрүүчү жана чет элден келген коноктор туруп тосуп алышты.
Кыргызстандын делегациясын ак калпакчан ак сакалдар баштап, президент Атамбаев алып чыкты.
Учурда учурда Чолпон-Ата шаарындагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты болууда.
Ага дүйнөнүн 62 мамлекетинен өкүлдөн келген спортчулар катышып жатат.
Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт. Оюндарды чагылдыруу үчүн 35 өлкөнүн 487 журналисти катталган.