БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын милициясы эки тургунду Honda Odissey үлгүсүндөгү алты машинаны уурдаган деген шек менен кармаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин шаардык милиция бир нече жолу машина уурдаган деген шек менен кишилер кармалганын маалымдаган.
Уурулукка шектелип 19 жана 15 жаштагы балдар кармалган, алар буга чейин да бир нече жолу соттолушкан. Алар эки суткада Honda Odissey үлгүсүндөгү төрт автоунааны уурдаганга жетишкен.
Кийин алардын башка уурулукка да тийиштиги бар экени аныкталган.
Аларга карата "автоунаа уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.