КЫРЧЫН, 5-сен. — Sputnik. Баткендин Сүлүктү шаарынан келген Мавлянова Уулбүбү Көчмөндөр оюндарына XVII кылымга таандык буюмдарды алып келди. Бул тууралуу кабарчыбыз жеринен билдирди.
Эске сала кетсек, ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары уланууда. Анда ар бир облус өзүнчө ордо тигип, концерттик программаларын тартуулап жатышат.
"Көчмөндөр оюндарына деп Сүлүктү шаарынан 17-кылымга таандык идиш-аяк, ата-бабаларыбыз колдонгон буюмдарды жана көйнөктөрдү алып келгенбиз. Мындан сырткары, курак туш кийиздер да бар. Көпчүлүк конокторду 17-кылымга таандык кумган кызыктырууда. Ал эми чоподон жасалган кумурага үч кылым болду", — деди Уулбүбү апа.
"Көп жылдан бери устачылык менен алектенем. Көчмөндөр оюндарына 100дөн ашык идиш-аяк жасап келдим. Туристтер сатып алышууда",— деди Ратымбердиев.
Ал эми Кадамжайдан келген Кыздаркан Кожоева 12 адамдык эң чоң таш табак алып келген.
"Биз Көчмөндөр оюндарына Кадамжайдан 12 адамдык таш табак жасап келдик. Мындан сырткары, табак, кесе, пиаланын түрлөрү бар. Учурда туристтер таш табактарды көп сатып алууда. Буларды уулдарым өз колдору менен жасашкан", — деди Кожоева.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.