БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ошто эттин баасын көтөргөндөргө чара көрүлө тургандыгын шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров билдирди.
Ош шаарында малдын баасы кыйла арзандаганы менен эттин баасы 300-350 сомдон түшкөн эмес. Буга байланыштуу Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү жетекчилери соодагерлер, мал союлуучу жайлардын ээлери жана базар жетекчилери менен жолугушуп, эттин баасын арзандатуу боюнча маселе көтөрүшкөн.
![Ошто эттин баасын көтөргөндөргө чара көрүлө тургандыгын шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров билдирди Ошто эттин баасын көтөргөндөргө чара көрүлө тургандыгын шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102918/55/1029185548_0:124:1031:773_600x0_80_0_0_338f69280fc86ca70f3a667463419378.jpg)
![Ош шаарында малдын баасы кыйла арзандаганы менен эттин баасы 300-350 сомдон түшкөн эмес Ош шаарында малдын баасы кыйла арзандаганы менен эттин баасы 300-350 сомдон түшкөн эмес - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102918/54/1029185478_0:125:1031:774_600x0_80_0_0_8b3dd1a4fe6f1f4768c5bffc7476f88a.jpg)
![Буга байланыштуу Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү жетекчилери соодагерлер, мал союлуучу жайлардын ээлери жана базар жетекчилери менен жолугушуп, эттин баасын арзандатуу боюнча маселе көтөрүшкөн. Буга байланыштуу Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү жетекчилери соодагерлер, мал союлуучу жайлардын ээлери жана базар жетекчилери менен жолугушуп, эттин баасын арзандатуу боюнча маселе көтөрүшкөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102918/54/1029185426_0:125:1032:774_600x0_80_0_0_4fc0caa7cd7e4949072ae6aa7b5d6973.jpg)
Муну менен катар Ош шаарынын мэриясы монополияга каршы жөнгө салуу департаменти менен биргеликте жандыктын базар баасы менен алардан алынган эт азыктарынын баасын эсептеп чыгып, бир килограммына болгон бааны 270 сом деп бычышкан. Бирок соодагерлер чыгымдар көп болуп жатканын айтып, 280 сомго токтолушту.
"Мындан ары эттин баасы жазылып илиниши керек. Ал эми таразалардын тактыгы текшерилип турат", — деп билдирди Ош шаардык монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин адиси Исмат Сагынбаев.
Ал эми бааны көтөргөн сатуучуларга чаралар көрүлөрү белгиленди.